Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Кытай Тайбэйин жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 24-сентябрда Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча олимпиадалык курама команда Азия оюндарынын 1/8 финалына чыкты.
Курама команда "F" тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде Кытай Тайбэйи менен ойноп, 4:1 эсебинде утуп алды. Эми кураманын кийинки беттеши 27-сентябрь күнү өтөт.
Эске салсак, учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия оюндары болуп жатат. Спорттук иш-чара 23-сентябрдан 8-октябрга чейин болмокчу. Ага 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышууда.