Ниязбеков: "Былтыр өлкөгө 2 миллион турист келсе, быйыл 10 миллионго жетти"

Ички иштер министри Улан Ниязбеков быйыл өлкөгө 10 миллион турист келгенин, бул былтыркыга салыштырмалуу 5 эсе көп экенин айтты. Мындай билдирүүнү ал бүгүн, 25-сентябрда онлайн кеңешмеде жасаганын аталган министрликтен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жайкы туристтик мезгилдеги коопсуздукту камсыздоонун жыйынтыктары жөнүндө онлайн чогулуш болду. Анда Ниязбеков туризм коопсуздугу убакыт өткөн сайын жакшыруу жолуна өтүшү керек экенин билдирген.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жайкы туризм аяктап, кышкы туризм мезгили жакындап калды. Былтыр биздин өлкөгө 2 миллион турист келген болсо, быйыл болжол менен 10 миллиондон ашты деген маалыматтар бар. Мунун баарын сиздерге эмнеге айтып жатам, анткени туризм коопсуздугу убакыт өткөн сайын жакшыруу жолуна өтүшү керек. Биздин өлкөгө чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү эс алууга чыккан адамдардын саны барган сайын өсүп жаткандыгын белгилеп өттүм",- деп билдирген Ниязбеков.
SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-09-25 12:54:00
Бул минстр чел менен эттин ортосунда эле жүрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан