Карабахтагы биринчи качкындар Арменияга келишти

Азербайжандын талаштуу аймакка көзөмөл орнотуу үчүн жүргүзгөн аскердик операциясынан кийин Карабахтан Арменияга алгачкы миңдеген качкындар келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, качып келгендер Азербайжан өч алат деп кооптонушкан.

"Тоолуу Карабахтан Арменияга 1050 адам кирди. Алардын 770инин каттоо маалыматтары жыйынтыкталып, 280 жарандын муктаждыгы такталып жатат. Катталган 770 жарандын 410у көчүүнү каалаган. Ал эми 360 жаранга мамлекеттик турак-жай берилди", - деп айтылат Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматынын сайтында.

Ошондой эле Арменияга жаңжалда жаракат алган 23 аскер кызматкери "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди.

Эске сала кетсек, 19-20-сентябрда Азербайжан Карабахта аскердик операция жүргүзгөн. Натыйжада Карабах бийлиги куралын таштоого жана Тоолуу Карабах армиясын таратууга макул болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан