Баткен облусунда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кызыл-Кыя шаарынан криминалдык чөйрөдө "Женго" деген каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. аттуу Ош облусунун Ноокат районунун тургундары кармалды.
"М.Г.К.га тиешелүү Тойота Ленд Крузер Прадо үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле ТОЗ-8 үлгүсүндөгү 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16 мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Г.К. Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.