Зер буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан "Аэропорт-Ош" көзөмөл-өткөрүү жайында зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.
“Стамбул-Ош” аба каттамы боюнча келген адамдарды паспорттук көзөмөлгө алуу учурунда УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз жараны М.Ж. жана Өзбек жараны Д.Т. жалпы салмагы 388,53 грамм болгон сары металлдан жасалган буюмдар (браслеттер – 4 даана, шакектер – 32 даана, сөйкөлөр – 22 даана, кулондор – 15 даана жана шакектер – 24 даана) табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жогорудагы адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.