Бишкекте маршруткада өспүрүм кыздын Айфонун тартып алган жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда Биринчи Май РИИБине М.Б. аттуу калаа тургуну кызынын телефонун тартып алган бейтааныш адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында кичи автобустардын биринен "Айфон 11" үлгүсүндөгү 65 миң сомдук телефонун жашы жете элек кызынан белгисиз эркек тартып алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чөнтөк уурулук фактысы боюнча мурда бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан тинтүү учурунда шектүүдөн ар кандай үлгүдөгү 4 уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун телефону алынган.

"Шектүүнүн кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан 0 706 102-102 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан