Жалал-Абад облусунда экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 1988-жылы туулган Г.А. аттуу Сузак районунун тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.
"Жүргүзүлгөн соттук дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далилдер Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "ИШИМ-Ирак", "Шам Ислам Мамлекети" (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталды", - деп айылат билдирүүдө.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.