Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Свердлов РИИБине Б.К. аттуу калаа тургуну чала тааныш Н. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу ал 2021-жылдын май айында биргелешип бизнес баштайбыз деп 30 миң доллар алып, андан соң из жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык (Алдамчылык) кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Э.уулу Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: : 0 (706) 41-15-15, 0 (502) 28-28-68, 0 (550) 10-26-59 же 102", - деп айтылат бидирүүдө.