Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча эки жолу катары менен Дүйнө чемпиону аталган Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка жайгашты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдады.

Маалым болгондой, жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгынан соң жарыяланды.

Бул жыйынтыктын аркасында кыргызстандык балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 килограммга чейинки салмак ченинде биринчи орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен алтын медаль багындырган спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов дагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан