Бишкекте ЭКО таксилеринин биринчи партиясы сунушталды (сүрөт)

Бүгүн, 25-сентябрда борбор калаа муниципалитетинде ЭКО таксилеринин биринчи партиясы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Муниципалдык ЭКО ТАКСИ" долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Ал абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ага ылайык, "Муниципалдык ЭКО ТАКСИ" айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:

- "Муниципалдык экотранспорт" үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу;
- айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар;
- Мамлекеттик салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу;
- атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда атайын тариф менен кубаттоо мүмкүнчүлүгү;
- бардык социалдык пакет.

Долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Муниципалдык ECO TAXI долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн https://etaxi.kg/ шилтемеси аркылуу көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан