"Бакай Банк” Бишкек шаарында заманбап аялдама комплексин курууга колдоо көрсөттү (фото)

Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы, заманбап аялдама комплекси пайда болду, аны куруу “Бакай Банктын” финансылык колдоосу менен мүмкүн болду. Ачуу аземине Банктын төрайымынын биринчи орун басары Марат Какеев жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов катышышты.

Мурда муниципалитет бул социалдык жактан маанилүү демилгеге колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Банкка кайрылган. Бул идея компаниянын саясатына туура келгендигине байланыштуу колдоо тапкан. Комплексти куруу үчүн жалпысынан 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Комлпекстин долбоорун иштеп чыгуу “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистерине тапшырылган.

“Коомдук транспорт аялдамасы – шаарыбыздын инфратүзүмүнүн маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Биздин максатыбыз аялдаманы жарандар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу жана көп функцияналдуу кылып, аялдамалар кандай болушу керектигин көрсөтүү болчу. Жабык түрдөгү аялдамада аба ырай ысык учурда кониционер менен салкындатуу жана кышында жылытуу системасы караштырылган. Аялдама түнүчүндө дагы тартуу мүмкүндүгү бар видеобайкоо жүргүзүүчү камералар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандус, карта-схема, LCD-монитор менен жабдылды. Биз бул демилгени Банктын “25 жылда – 25 жакшы иш” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырдык. Мекендештерибиз заманбап аялдама комплексинин бардык ыңгайлуулуктарын татыктуу баалашып, аны канааттануу менен пайдаланышат деген ойдомун” – деп билдирди Марат Какеев.

Долбоор ишке ашырылчу орун кокусунан эле тандалып алынган жок. Шаарыбыздын борборундагы кесилиште оруна алган эски аялдамада жүргүнчүлөр көп болгондуктан бир топ ыңгайсыздыктар жаралчу. Коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү алууда жана түшүрүүдө жол эрежелерин бузууга мажбур болуп, жарандардын коопсуздугуна коркунучу жаралган учурлар дагы кездешчү.

“Борбор калаабыздын мэри Эмилбек Абдыкадыров биздин алдыбызга Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган бир топ тапшырмаларды берген. Ал тапшырмалардын бири – аялдама пункттарын шаардын жашоочулары менен коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуз кылуу болчу. “Бакай Банктын” башкармалыгы алгачкы жолугушууда эле биздин өтүнүчүбүздү канааттандырып, каржылык колдоо көрсөтүүгө макулдугун берди. Андан тышкары подрядчыларды издөөдөн, материалдарды тандоодон баштап камераларды сатып алуу, ошондой эле бүтүндөй долбоордун ишке ашуусун контролдоого чейинки бардык иштерди аткарышты. Колдоо көрсөткөндүгү үчүн демөөрчүгө муниципалитеттин атынан ыраазычылык билдирем. Биздин кызматташуубуз мындан ары дагы уланып, борбор шаарыбыз үчүн керектүү жана пайдалуу болгон көптөгөн долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашырабыз деп ишенем” – деди өз сөзүндө Максатбек Сазыкулов.

Аталган аялдама Бишкек шаарында эл аралык стандарттардын жана талаптардын бардыгына шайкеш келген биринчи комплекс экендигин белгилей кетмекчибиз. Улуттук салттуу оюуларды колдонуу менен иштелип чыккан дизайн - анын дагы бир өзгөчөлүгү болуп саналат.

Коомдук транспортту күтүү жайы июль айынын ортосунда реконструкцияланып, ачылган болчу. Бирок “Бакай Банк” жүргүнчүлөрдүн көптүгүн эске алуу менен ага жанаша экинчи пунктту ачуу сунушун берген, ошентип эки пункт бирдиктүү комплекске бириктирилди.

“Бакай Банк”. Эн ириде кубаттуу банк.
КРУБдун №43 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан