Кыргыз волейболчулары Азия оюндарынан четтеп калышты

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарындагы жүрүшүн токтотту.

Мелдештин биринчи күнүндө ата мекендик волейболчулар Казакстан курамасы менен кез келип, атаандаштарына 2:3 эсебинде утулуп калышкан. Экинчи күнү кыргызстандыктар кытайлык командага 0:3 эсебинде утулуп калды. Мындай жыйынтык менен волейбол боюнча улуттук курама команда өзүнүн тайпасынан чыга албай калды.

Белгилей кетсек, Ханчжоу шаарында XIX Жайкы Азия оюндары өтүп жатат, ага Азиянын 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан