Коңшу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүндүгүн четке какты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Казакстан менен Армения Казакстандын ЖККУдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.
"Казакстан менен Армения сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалымат тарап жатат. Бул чындыкка коошпойт. Бир нече күн мурун ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жыйын өткөрүштү. Ал жерде уюмду өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдору талкууланды. Бул уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн негизинде биз иштеп жатабыз", - деген ал.
Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуу маселеси күн тартибинен алынбаганын билдирген. Бир күн мурун ал өлкөнүн жарандарына кайрылуу жасап, Армениянын тышкы коопсуздук тутумунун натыйжасыздыгын жарыялады, ошондой эле орусиялык тынчтыкты сактоо контингентинин максаттарына жана жүйөсүнө шек келтирди.