Неймар өзбекстандык клубга каршы оюндан кийин башкы машыктыруучунун кызматтан кетишин талап кылды

Сауд Арабиянын “Аль-Хиляль” клубунун жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар өзбекстандык “Навбахор” менен болгон оюндан кийин клубдун жетекчилигине башкы машыктыруучу Хорхе Жезусту кызматтан алууну айтты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, футболчу менен башкы машыктыруучунун жаңжалы "Навбахор" клубуна каршы оюн учурунда чыккан. Анда Неймар оюнда "Навбахордун" оюнчусун жыгып, андан кийин аны топ менен тээп салган. Кийим алмаштыруучу бөлмөдө башкы машыктыруучу Неймарды бул үчүн сынга алган.

Бул футболчуга жакпай, клубдун жетекчилигинен башкы машыктыруучуну кызматтан алууну талап кылган.

Белгиленгендей, бул окуянын эртеси "Аль-Хиляль" жетекчилиги Хорхе Жезус менен жолугушуу өткөрүп, эгер команданын жыйынтыгы жакшырбаса, келишимин бузуу мүмкүн экенин эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан