Бишкекте конуштарды жаратылыш газына кошуу иштери уланууда

Бишкекте жаңы конуштардагы үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жогорку Көк-Жар конушундагы долбоор 207 үйдү камтыйт.

Ал эми 7-апрель көчөсүнөн жер алдынан газ түтүгүн тартуу иштери аяктады. Учурда газ түтүктөрүнө түркүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, №6 МАБ "Империал" ЖЧКсы, "Вектор Союз" ЖЧКсы, "Азия Строй Логистикс" ЖЧКсы жана "Орион Строй" ЖЧКлары менен биргеликте газга туташуу боюнча тургундардан арыздарды кабыл алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан