Кыргызстанда кагаз жана картонду экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан кагаз жана картонду (таштанды жана макулатура) Евразия Экономикалык Биримдигинен башка аймактарга ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом 18-сентябрда кабыл алынды. Макулатураны алты айга – 2024-жылдын март айынын ортосуна чейин экспорттоого тыюу салынды.

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгын алдын алуу, өндүрүштү калыпка салуу жана даяр өндүрүмдүн экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан