
Азия оюндарынын ушу-саньда спорттун түрү боюнча
Темирлан Аманкулов жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов жарым финалга чыкты.
Спортчу 75 килограмм салмак даражасында беттешип, монголиялык атаандашын жеңди.
Белгилей кетсек, жарым финалдык беттештер 27-сентябрь күнү өтөт.