Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтеддин" оюнчуларын сыйлоо аземи өттү (фото)

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, футболчуларды ийгилиги менен куттукташты. Ошондой эле резервдик фонддон 200 миң сом акча каражаты тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ыр-бийлер тартууланды.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда “Мурас-Юнайтед” командасы Бишкек шаарында өткөн өлкө кубогуна арналган футболдук беттеште “Абдыш-Ата” футболдук клубун 2:1 эсебинде жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан