Азия оюндары: Дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты

Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, спортчу 90 килограмм салмакта беттешти. Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда Ливандан келген атаандашын 10:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда болсо Бириккен Араб Эмиратынан келген спортчуну жеңип финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек, финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө болот.

Шеров Кыргызстандан Азия оюндарынын финалына чыккан алгач дзюдочу. Анын байгеси дагы өлкөнүн бул Азия Оюндарындагы алгачкы медалы болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2023-09-26 14:20:00
Алга, Эрлан. Ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан