“Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров “Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
"Жарлык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле квалификациялык сынактарды кабыл алуунун, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартибин ишке киргизүү максатында даярдалды", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, анын милдети - жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кабыл алуу процессин жарандар үчүн жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү болуп эсептелет.