АКШда экинчи жолу адамга чочконун жүрөгүн алмаштыруу операциясы жасалды

АКШда экинчи ирет адамга чочконун жүрөгү трансплантация болду. Бул тууралуу New Scientist илимий журналы жазып чыкты.

АКШнын Мэриленд университетинин медициналык борборунун хирургдары генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн адамга трансплантациялоо боюнча дүйнөдө экинчи жолу операция жасашып, ал ийгиликтүү өткөн.

Эми 58 жаштагы Лоуренс Фосетт аппаратсыз, өз алдынча дем ала алат.

"Трансплантацияланган жүрөк эч кандай сырткы аппараттын жардамысыз эле кадимкидей иштейт", - деген дарыгерлер. Белгиленгендей, Фосетт жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам адамдын жүрөгүн донордукка алууга жараксыз деп табылган.

"Менин акыркы үмүтүм - чочконун жүрөгү. Эмнеси болсо да, азыр менин мүмкүнчүлүгүм бар", - деп операция алдында билдирген Фосетт.

Эске салсак, былтыр дагы ушундай түрдөгү операция 57 жаштагы Дэвид Беннеттке жасалган. Бирок бейтап эки айдан кийин эле каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, анын өлүмүнө көп факторлор, анын ичинде бейтаптын ден соолугунун начар болушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан