"Супер концерт-2013түн" тизгини быйыл алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Нурсултан Майназаров жана Бакыт Байсариевге ыйгарылыптыр. Эл менен саламдашкан алпаруучулар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүлөрү Айзуура Иманалиева "Сымбаттуу сулуу-2013", Рахима Кускакова "Ажарлуу сулуу-2013" жана "Супер сулуу-2013" наамына Орункүл Шабралиеваны сахнага чакырып, эл менен тааныштырышты.
Андан соң бүгүнкү концерттин экинчи күнүн ачык деп жарыялашып, сахнага быйыл өнөр адамдарынын кимиси өзгөчө иштермандыгын көрсөткөндүгү тууралуу сөз кылышууда.