Депутат Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткен жарандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Учурда жыйында эмгекке жарамсыз жана материалдык жактан жардамга муктаж ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен, эмгекке жарамдуу жарандардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусуна чектөө киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов билдиргендей, ата-эне эч качан баласына каршы арыз жазбайт.
"Мыйзам кабыл алынса, ата-эне карылар үйүнө түшкөндө эле, карылар үйүнүн жетекчиси арыз жазат. Сот ошол жерден эле ишти карайт. Адам карылар үйүнө кирээри менен анын балдары боюнча соттук иш башталат", - деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, айрым балдар мамлекеттик кызматта иштеп жаткандыгын да эске алуу зарыл.
"Алар мамлекеттик кызматка алынбайт. Ата-энесин таштап кеткен адам мамлекетке эч кандай жакшылык кылбайт", - деп кошумчалады Икрамов.
Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Конституциянын 26-беренесинин 2-пунктуна токтолду.
"Балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо атанын да, эненин да бирдей укугу жана милдети. Эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдар ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттүү" деп жазылган" , - деди Жумабеков.
"Эгерде балдар ата-энесин карылар үйүнө таштап кетсе, бул Конституцияны бузуу болуп саналат. Алар түшүнсүн, жазасын алсын деп айып пулду көтөрөбүз. Алар эмне үчүн айып төлөп жатканын түшүнүшү керек", - деп кошумчалады эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, эгер Конституцияда көрсөтүлсө, укук коргоо жана социалдык органдар бул багытта иш алып барышы керек.