"Автоураган" Баткенде". 3 күн ичинде 100дөн ашык унаа айып короосуна токтотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Издөө бөлүмү "Автоураган" аппараттык комплекси менен Баткен облусунун аймагында рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 3 күн ичинде жалпысынан 119 автоунаа кармалып, убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Алардын ичинен:
- каттоосу убактылуу токтотулуп, издөөдө жүргөн 108 авто унаа;
- соттун чечими менен издөөдө жүргөн 3 авто унаа;
- айып пулун өз убагында төлөбөгөн 2 авто унаа;
- жасалма мамлекеттик номур менен жүргөн 2 авто унаа;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 2 авто унаа.
Мындай рейддик иш-чаралар башка облустарда да уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан