Beeline Кыргызстандын түштүгүндө концерттерди берди

Өзүнүн25 жылдыгынын урматына Beeline Кыргызстан компаниясы Баткенде жана Жалал -Абадда акысыз концерттерди уюштурду. Унутулбай турган музыкалык шоуда кыргыз эстрадасынын жылдыздары Нурлан Насип, Арсен, Милана, Нурила жана Сайкал Садыбакасовалар катышып, концерттин алып баруучусу Айзада Жамгырчиева болду. Көрүүчүлөрдү сүйүктүү аткаруучулардын ырлары гана күтпөстөн, андан башка белектери менен конкурстар, ошондой эле компаниянын баалуу белектерин ойнотуу дагы күтүп жатты.

Баткенде концерт борбордук стадиондо 2 миңден ашуун адамды чогултуу менен 20-сентябрда өттү. Аба-ырайынын бүркөктүгү дагы майрамдык маанайды буза алган жок, көрүүчүлөр артисттерди өтө жылуу тосуп алышты жана иш чара бүткөнгө чейин тарап кетишкен жок.

Жалал-Абадда майрам 22-сентябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы паркта өттү. 2 миңге жакын келген көрүүчүлөр концерттик программа менен рахаттанышып, конкурстарга катышты. Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин сөз сүйлөп, шаардыктарга жаркын маанай менен тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

— 25 жылдан бери Beeline Кыргызстан уюк оператору кыргызтандыктарга эң жакшы мүмкүндүктөрдү камсыз кылып келе жатат, — деп белгиледи Андрей Пятахин. — Бул өзүбүздүн абоненттерге сунуш кылып жаткан биздин жалгыз эле байланыштын сапаттуу кызматтары жана инновациялык продуктылар гана эмес, ошондой эле биз Кыргызстандын, өзгөчө региондордун социалдык-маданий өнүгүшүнө кам көрөбүз. Beeline’дын кардарларынын чоң үлүшү өлкөнүн түштүгүндө жашайт, жана биз, албетте, компаниянын мааракесин силер менен бирге белгилөө мүмкүндүгүн колдон чыгаргыбыз келген жок. Баткен менен Жалал-Абаддын жашоочуларына биздин музыкалык белегибиз жакты жана силер убактыңарды эң мыкты өткөрдүңөр деген үмүттөбүз.

Вееline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан