Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү: Улуттук кардиология борборунда Ачык эшик күнү өтөт

Улуттук кардиология жана терапия борборунда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган Ачык эшик күнү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында 27-28-сентябрда саат 10:00дөн 15:30га чейин жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган "Ар бир жүрөк маанилүү" урааны астында ачык эшик күнү өткөрүлөт.
"Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү - бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу", - деп билдиришти мекемеден.
Ага ылайык, бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат. Ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө
Кызыктырган суроолор болсо, төмөнкү байланыш телефонуна кайрылса болот: 0507005470, Бактыгүл Эркебуланова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriotka
2023-09-26 14:40:00
Ошто каерге барсак болот?Бишкекте эле откорбой Ошко да откоргулочу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан