"Достук-автожол" жана "Маданият-автожол" өткөрүү жайларынын чек арачылары Өзбекстандын бир нече жаранын жарым-жартылай жасалма документтер менен кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Достук-автожол" КӨЖ 1992-жылы туулган Д.М. аттуу Өзбек жараны паспорттук көзөмөлдөн өтпөй туруп, мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетинде кармалды.
Ага ылайык, өзбекстандык жарандын Кыргызстандын аймагында мыйзам чегинде жүрүү мөөнөтү өтүп кетип, Т.М.у. аттуу жаранга кайрылганында ал сый акы үчүн өткөрүү жайынан өткөрүп жиберүүгө сөз бергендигин билдирген. Жыйынтыгында эки мыйзам бузуучу тең кармалышкан.
"Ошондой эле "Достук-автожол" КӨЖ чек арачылары мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетинде 2003-жылы туулган А.Б. аттуу Өзбек жаранынын күн мөөрү жасалма болгонун аныкташкан.
Өзбекстанга кайтып келүү укугун берген күбөлүгүндөгү жарым-жартылай жасалма документи бар Өзбекстандын 1975-жылы туулган П.Б. аттуу жараны "Маданият-автожол" өткөрүү жайында кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулган соң бардык кармалган жарандар мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.