Владимир Путиндин октябрда Кыргызстанга келе турганы айтылды

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Орусиянын лидери Владимир Путин менен Кыргызстанда жолугуша турганын айтты. Бул тууралуу Лукашенко Орусиянын Ленинград облусунун губернатору менен жолугушууда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу октябрь айынын ортосуна пландалып жатат.

Беларусь президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаганын маалымдаган.

"Мен кечээ Орусиянын президенти менен сүйлөштүм. Биз эки долбоор боюнча макулдаштык. Ал эми 15-октябрда биз Кыргызстанда жолугушабыз жана бул тууралуу кеңири сүйлөшөбүз",- деп билдирген Лукашенко.

Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги саммити 13-октябрда Бишкек шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан