Бишкек-Нарын унаа жолунда милициянын кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында Чүй ИИББнин кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын маалымат кызматы тастыктады.

Мекемеден билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында милиция кызматкерлерине таандык Chevrolet Cobalt автоунаасы Toyota Prius менен кагышып, андан соң түндүктөн түштүктү көздөй бараткан Chevrolet Malibu унаасын сүзүп токтогон.

Ага ылайык, Cobalt айдоочусу, бир жүргүнчүсү жана Prius унаасынын айдоочусу жабыркаган, алар аймактык ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан