Түрк лирасы долларга карата рекорддук баага түштү

Түрк лирасы долларга карата рекорддук деңгээлге түштү. Бүгүн, 26-сентябрда лиранын баасы эл аралык валюта рыногундагы соода маалыматтарына ылайык, тарыхый минимумга, тагыраагы 27,5 лирага жетти.

Бүгүн, 26-сентябрда 1 доллардын баасы 27,5 лирага жетти.

Жайдын башында доллардын баасы 21 лирага жакын болсо, жыл башында 13,5 лира болчу.

Акыркы 12 айда доллар түрк лирасына карата болжол менен 48 пайызга кымбаттады.

Орус рубли жана аргентиналык песо менен бирге түрк лирасы жыл башынан бери эң начар көрсөткүч менен келе жаткан рынок валюталарынын үчөөнүн арасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан