Токтогул ГЭСине чет элдик суучул чөгүп кетти

Токтогул ГЭСинде Түштүк Кореядан келген суучул чөгүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

24-сентябрь күнү саат 09:45 чамасында Токтогул ГЭСинде суучул (водолаз) болуп иштеп жаткан Корея Республикасынын жараны каза болгондугу жөнүндө милицияга маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Тергөө-ыкчам тобунун текшерүүсү учурунда Түштүк Кореянын 58 жаштагы жараны 24-сентябрь күнү суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып белгисиз себептер менен суудан чыга албай каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси ошол эле күнү табылып саат 13:50 чамасында суудан чыгарылган.

Ал 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинин тереӊдик дарбазасында жүрүп жаткан реконструкциясында суучулдар (водолаз) тобунун бригадири болуп эмгектенип келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан