
Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкелери пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Кийинки жумадан тарта Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү атайын тилкеде жол иштери башталат. Атайын тилкелер ушул аймактарда пайда болуп, үч тилкеге бөлүнөт: алардын экөө бардык транспорт үчүн, бирөө коомдук транспорт үчүн", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле мэрия жакында борбор калаанын айдоочуларына саат 20:00дөн 07:00гө чейин коомдук транспорттор үчүн атайын бөлүнгөн тилкелерде (сары) жүрүүгө уруксат берилерин билдирди.
"Учурда тиешелүү жол белгилери даярдалууда, анын ичинде 8.5.4 белгиси, ал белги жарактуу болгон сутканын убактысын көрсөтөт, андан кийин орнотуу иштери башталат, жалпысынан бул иштер эки жумага созулат", - деп кошумчалашты мэриядан.
Буга чейин Бишкектин түштүгүндөгү Аалы Токомбаев көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкеси ачылган. Андан кийин шаардыктар бугаа нааразычылыгын билдиришкен. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.