Олимпиада оюндарына лицензия ута албай калган Амантур Исмаилов кайрылуу жасады

Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан кыргыз балбаны Амантур Исмаилов кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал бул Дүйнө чемпиондугунда Олимпиада оюндарына жолдомо уткусу келгенин белгиледи.

"Өзүңүздөр көргөндөй бул Дүйнө чемпиондугу мен үчүн ийгиликсиз болду. Мен Дүйнө чемпиондугун утуп, Олимпиадага жолдом алгым келген. Бирок бардыгы бир гана Алладан, колдогонуңуздар үчүн рахмат", - деп жазды ал.

Амантур Исмалиов Дүйнө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан. Ал коло байге үчүн күрөштө сербиялык Мате Немешке жеңилип, лицензия ала албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан