"Күн ачык болот". Бүгүнкүгө карата аба ырайы 

Бүгүн, 27-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус болсо,

Талас дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24кө чейин жылыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан