Бөйрөк алмаштырууга муктаж бейтаптардын реестрин жүргүзүү үчүн өзүнчө адис бөлүнөт

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк алмаштырууга муктаж бейтаптардын реестрин жүргүзүү үчүн өзүнчө адис бөлөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги бул процедурага муктаж болгон бейтаптарды каттоо үчүн өзүнчө адис бөлүүнү чечти. Мындай кадам Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасынын негизинде жасалды.
"Адис Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунда жайгашып, бөйрөк алмаштырууну күтүп жаткан бейтаптарды туура каттоону жана медициналык процедураларды координациялоону камсыздайт. Мындай чечим бул жааттагы медициналык жардамды оптималдаштырууга жана жакшыртууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан