Ошто "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрүнө унаа тапшырылды

Ошто жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул туурулуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 26-сентябрда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында "Жылдын мыкты мугалими-2023" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы-2023" кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү.

Ага ылайык, финалда шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы "мыкты" деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты.

"Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча "Жылдын мыкты мугалими-2023" номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды. Ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы-2023" номинациясында "№35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды", - деп айтылат маалыматта.

Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыраазычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан