Иракта үлпөт той учурунда өрт чыгып, 100дөн ашык адам каза болду (видео)

Ирактын Найнава провинциясынын Хамдания районунда үлпөт тойдо өрт чыгып, 100дөн ашык адам каза тапты. Бул тууралуу INA агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, кырсыктан 150дөй адам жаракат алган. Ирактын премьер-министри Мухаммад Шиаа Аль-Судани ички иштер жана саламаттыкты сактоо министрлерине өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык иш-аракеттерди аткарууну тапшырды.

"Кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө", - деп билдирген өкмөт башчынын басма сөз кызматы.

Жарандык коргонуу кызматы өрт той учурунда фейерверк атуудан чыккан болушу мүмкүн экенин билдирди. Салтанат өтүп жаткан залда да өрт коопсуздук талаптары сакталган эмес. Той учурунда залдын айрым бөлүктөрү урап калган. Буга анын тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдардан жасалганы себеп болгону айтылды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан