Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайга баӊгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына баӊгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Сузак РИИБинин текшерип өткөрүү пунктуна 35 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга тез татым тамагын алып келгендигин билдирген. Тез татым тамагы нөөмөттө турган Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери тарабынан текшерилип, ичинен 3 даана өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат табылып, тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.

Бул окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1988-жылы туулган О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал тез татым тамагына 3 грамм 22 миллилитр салмакта баӊгизатына окшогон зат алып келгендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан