13-14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктоочу "Супер концерт-2013" концерти болуп өттү.
Быйыл "Жылдын супер спортчусу" наамына Айсулуу Тыныбекова ээ болду.
Белгилей кетсек, Айсулуу дүйнөдөгү эң күчтүү балбан кыздардын мыкты төрттүгүнө кирет. Ал 2013-жылы Жаштар арасында Азия чемпиону болсо, Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада жана Болгарияда жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган.