28-сентябрда Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бригадасы тартылганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Telegram каналына жазды.
"Бүгүн, 28-сентябрда саат 02:43 чамасында ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө Ташкент шаарынын Сергели районундагы "Строитель" массивинин аймагында жайгашкан кампалардын биринде жарылуу жана андан кийин өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн”, - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
"Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жардыруудан жабыркагандар бар экенин, алар республикалык медициналык тез жардам көрсөтүү илимий борборуна жана Ташкент облусундагы филиалына жаткырылганын билдирди. Алардын арасында оор жаракат алгандар жок. Учурда дарыгерлер бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат.
Учурда жабыркагандардын так саны айтыла элек.
Саат 05:02де өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектөөгө алып, өчүрүү иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы "Интер Логистикс" ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирди.