Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаанын көчөлөрүн кыдырып, шаарды көрктөндүрүү, коопсуздук, тазалык, жашылдандыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей калаа башчысы Фучик көчөсүндөгү аялдама комплексин, бетон тосмолорду орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"Фучик көчөсүндө "Аска-Таш" комплексинен түндүк багытты көздөй бетон тосмолорду орнотуу кызуу жүрүүдө. Бетон тосмонун узундугу- 1,5 м, бийиктиги - 1,4 м түзөт. Бул иштер шаардыктардын коопсуздугу жана кырсыктарды алдын алууга багытталган", - деп жазылат билдирүүдө.