Башкы прокуратурасы тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 миллиард 478 миллион рубль чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка карганда, Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 миллион доллар өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда орусиялык ишкерлерге кайтарылды.
"Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы 762 500 доллар жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Рустам Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүсү керек болчу. Бирок апта башында Рустам Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыктан, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган. Ал акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси Рустам Абдырасуловдун жакындары 762 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген. Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга ылайык, Кыргыз жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Рустам Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес.
Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, Рустам Абдырасулов камакта.