Бишкекте унааларга байланышкан алдамчылык фактысына тиешеси бар жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унааларга байланышкан алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын август айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган.

Маалыматка ылайык, ага июль айынын орто ченинде белгилүү бир "унаа баалоочу" кайрылып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 20 миң долларлык Киа Спортейдж үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, аз убакыттын ичинде төлөп берүүнү убада кылган. Бирок ал чет элдик унааны үчүнчү жактарга (айрым маалыматтарда 16 миң долларга) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

"Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИИББдин 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында билим берүү мекемелеринин биринин мурдагы окутуучу, мугалим Б.Б. Бишкек шаарынын аймагында кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Соттун чечими менен кармалган адамга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан