Кыргызстандын аймагына 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, УКМК тарабынан “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан