"Бирөөсү 22 миң доллар". Сот аткаруучуларын тейлөө бөлүмдөрү үчүн 99 миллион сомго унаа сатып алынат 

Сот аткаруучулар кызматынын тейлөө бөлүмдөрү үчүн 99 миллион 303,7 миң сомго жеңил унааларды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында жарыяланды.

Белгилүү болгондой, унааларды сатып алуу үчүн сынак Жогорку соттун Сот департаменти тарабынан жарыяланган.

Маалыматка караганда, 85 миллион 401,2 миң сомго бензин менен жүргөн 43 унаа сатып алуу пландалууда. Мында бир унаа 1 миллион 986 миң 75 сомдон же 22 миң 388 долларга бааланып калат.

Мындан тышкары, 13 миллион 902,5 миң сомго 7 электр унаасын сатып алуу каралган. Бул жакта да бир унаанын баасы 1 миллион 986 миң 75 сомду же 22 миң 388 долларды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан