Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 килограммдан ашык марихуана табылды (фото)

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 килограммдан ашык марихуана табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"УКМК тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20-сентябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен (Совет көчөсү, №95 үй) 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан