Таласта мас абалындагы адам жолдон өтүп бара жаткан адамды жарадар кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлады.
Маалымдалгандай, ал учтуу буюм менен моюнуна сайып жиберип из жашырып кеткен, анын кесепетинен жабырлануучунун сол жактагы моюн омурткасы кесилген.
Окуя Оторбаев көчөсүндөгү соода борборунун жанында орун алган. Жабырлануучу 1980-жылы туулган З.И. аттуу жаран экени, анын ооруканага жаткырылганы айтылды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 47 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.