Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Боорукердик" үй-интернаттын жаңы имаратынын курулушу менен жеринде таанышты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, үй-интернаты 64 орунга ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери жүрүүдө.
Калаа башчы улгайган жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге курулуштун жумуштарын тез арада бүткөрүү талабын койду.