Кыргыз калысы Нурдин Букуев "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

Кыргызстандык футзал калысы Нурдин Букуев "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан (КФУ) билдиришти.

Белгиленгендей, Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылган оюндардын саны боюнча абсолюттук рекорддун ээси. Азырынча ал бул көрсөткүчкө жеткен дүйнөдөгү биринчи жана жалгыз калыс. Футбол союзу рекорд жазылганын тастыктаган кат алды.

"Сертификат жакында келет жана расмий түрдө 21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Оман курамасы менен өз үйүндө өтүүчү беттеште расмий түрдө тапшырылат", - деп билдиришти Кыргыз футбол союзунан.

Нурдин Букуев калыс катары төрт дүйнөлүк чемпионатта, тагыраагы Бразилияда (2008), Таиландда (2012), Колумбияда (2016) жана Литвада (2021) иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан