Бишкектин Тобольский тилкесиндеги эскилиги жеткен жол оңдолууда 

Бишкектин тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Тобольский чолок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкеде унаа жолу оңдолуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эски асфальт алынып, жол бордюрлары орнотулуп, жолдо асфальтка чейинки даярдадык иштери аткарылып, асфальт төшөлдү.

Ага ылайык, унаа жолундагы иштер аяктагандан кийин бригада батыш тарабынан тротуарды капиталдык оңдоону баштайт. Жолдун чыгыш тарабынан кызыл сызыктан чыккан курулмаларды демонтаждоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан